• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Ташиев жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону аталган УКМК кызматкерине “Эрдик” төш белгисин тапшырды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камыбек Ташиев жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунду багындырган УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Т. Жанаев менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда Камчыбек Ташиев Жанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле төрага спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантарын кошумчалады.

Өз кезегинде Жанаев УКМК төрагасына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенэрин убадалады.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Т. Жанаевге ведомстволук "Эрдик" сыйлыгын тапшырып, ага ден соолук каалап, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 2-10-ноябрында Абу-Дабиде (БАЭ) жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.

Чебер эркектер арасындагы күрөң кур номинациясындагы77 кг салмакта 1-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий