• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

"Тазалык" ишканасы 530 жаңы таштанды контейнерин сатып алды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы 530 жаңы таштанды контейнерин сатып алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын төрт районуна 82 контейнерден бөлүштүрүлүп, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

Жаңы контейнерлер жараксыз болуп калган челектердин ордуна коюлат, ал эми тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер оңдолот.

Белгилей кетсек, борбор калаада таштанды үчүн 5 миңден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.

Пикир

Оставить комментарий