• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Оору тууралуу эмнени билесиз?

Ден соолук 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү уюму тарабынан 2006-жылдын 29-октябрынан тартып, бул ооруга каршы активдүү күрөшүү максатында Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү катары белгиленген.

Инсульт – бул жүрөккө же мээге келүүчү кандын агымына тоскоолдук жаралып, кан тамырлардын бүтөлүшүнөн келип чыгуучу олуттуу оору. Анын эң көп кездешкен себеби – жүрөктү же мээни кан менен камсыз кылуучу кан тамырлардын ички бетинде май катмарларынын пайда болушу.

Инсульт тууралуу фактылар:

  • бардык курактагы адамдар инсульт оорусуна чалдыгышат;
  • инсульт оорусуна чалдыккан бейтаптардын орточо жашы 45-50 жашты түзөт;
  • инсульт коркунучу 55 жаштан кийин ар бир он жылда эки эсеге көбөйөт;
  • инсульт үчүн №1 коркунуч фактору - бул жогорку кан басымы. Гипертонияны көзөмөлдөө менен жылына 320 миң инсульттун алдын алууга болот;
  • инсульт эркектерге караганда аялдарда көп кездешет;
  • дүйнөдө ар 10 секунд сайын бир адам инсульт оорусунан каза болот;
  • инсультту дарылоо жана андан кийинки реабилитация биринчи үч айда эң натыйжалуу. Бул мезгилде организм кесепеттерге көнө элек жана кайра курууга жөндөмдүү болот.

Инфаркт жана инсульттун алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2015-жылы 17,5 млн адам инфаркттан же инсульттан көз жумган. Жалпылап аялдарга дагы, эркектерге дагы бирдей деңгээлде бөлүштүрүп алгандагы пикирлерге карабастан, өлүм учурларынын 4төн 3ү кирешесинин деңгээли аз жана орто өлкөлөргө туура келген.

Мезгилсиз инфаркт менен инсульттун 80%ынын алдын алууга болот. Алдын алуунун эң негизги эрежелери туура тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк жана тамекиден алыс болуу. Жогорку кан басым, холестериндин жогорку деңгээли жана диабет сыяктуу жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелчиликтерин текшерип, көзөмөлдөп туруу эң маанилүү.

Туура тамактануу рациону. Көп сандагы мөмө-жемиштерди, бүтүн дан азыктарынан жасалган тамак-аш, майсыз эт, балык жана буурчак өсүмдүктөрүн, туз, шекер жана майды чеги менен колдонууну камтыган тамактануу рациону саламат жүрөк-кан тамыр системасын колдоодо негизги роль ойнойт.

Үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк. Саламат жүрөк – кан тамыр системасынын саламаттыгын колдоо үчүн күнүнө эң аз дегенде жарым саат физикалык активдүүлүк зарыл, ал эми жуманын көпчүлүк күндөрүндө бир сааттан ашык физикалык активдүүлүктө болуу нормалдуу салмакты алып жүрүүгө көмөктөшөт.
Тамекини чегүүдөн алыс болуу. Тамекинин ар бир түрү ден соолукка зыян. Инфаркт менен инсульттун өнүгүү тобокелчилиги тамекини колдонууну токтоткондон кийин кескин түрдө кыскарат. Ал эми бир жылдан кийин 50% га азайышы мүмкүн.

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын жалпы өнүгүү коркунучун текшерүү жана көзөмөлгө алуу. Инфаркт жана инсульттун алдын алуудагы эң негизги аспект жогорку коркунучка кабылган тактап айтканда 10 жылдан бери жүрөк – кан тамыр оорусунун өнүгүүсү 30%га барабар же андан жогору болгондор, жүрөк – кан тамыр оорусунун өнүгүүсүнүн төмөндөөсү байкалган адамдарды дарылоо жана кеңеш берүү болуп эсептелет.

Өзүнүн кан басымын билүү. Жогорку кан басым адатта кандайдыр бир белгилер менен коштолбойт, бирок күтүүсүз инфаркт менен инсульттун негизги себептеринин бири. Кан басымды текшерип, көрсөткүчүн билип туруу абзел. Кан басымды көзөмөлдөө үчүн дары-дармек ичүү зарыл.

Кан липиддеринин деңгээлин билүү. Канда холестериндин жогору болуусу инфаркт жана инсульттун тобокелчилигин жогорулатат. Туура тамактануу менен зарылчылык болсо дары – дармектердин жардамы менен кандагы холестериндин деңгээлин текшерип туруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий