• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги кара түтүн бир катар ооруларды козгойт - Санэпидкөзөмөл борбору

Ден соолук 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарындагы кара түтүн бир катар ооруларды козгойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Санэпидкөзөмөл борборунун дарыгери Бурул Жусурова билдирди.

Жусурова шаардагы кара түтүн унаанын, көп кабаттуу турак үйдүн көбөйүшү жана аба желдетилбей калгандыктан болуп жатканын айтат.

"Бишкектеги ооруканалардын биринде 3 жыл бою анализ жүргүзүлүп келет. Түтүн жүрөк-кан тамыр, өпкө, мурун, тамак жана онкологиялык ооруларды козгойт. Кара түтүндөн улгайган жана аталган оорулар менен ооругандар жапа чегүүдө. Анткени түтүн иммунитетти түшүрүп жиберет", - деди дарыгер.

Ал кошумчалагандай, Санэпидкөзөмөл борбору конуштарда желим, резина менен үйдү жылытпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий