• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын облустук ооруканасына көп функционалдуу рентген аппараты алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасына көп функционалдуу рентген аппараты алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, италиялык Primax International өндүрүүчүсүнүн Levia Triple стационардык рентген аппараты бешиктин ичинде жалпак панелдүү детектору бар толук санариптик система болуп саналат. Ал бардык флюороскопиялык жана радиографиялык процедураларды, ошондой эле түз нурланууну талап кылган бардык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

"Көп функционалдуу рентген аппараты Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алып келинди. Заманбап аппарат рентгендик изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн, анын ичинде линиялык томографияны жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетчү жагдай, аталган рентген аппарат жайгашуучу рентген кабинети эски жана зыяндуу нурларынан коргоочу системаларынын начардыгынан улам толук оңдоп-түзөөдөн өттү, ага оорукананын бюджетинен үнөмдөлгөн каражат сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий