Бүгүн белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкекте 9-февралда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл артисти белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жылдыз Малдыбаева менен коштошуу иш-чарасы саат 09:00дө "Ала-Арча" көрүстөнүндө өтөт.

Эске сала кетсек, 8-февралда Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Пикир

Оставить комментарий