• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

COVID-19 боюнча соңку маалымат. Жаңы 97 учур катталып, 282 киши сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 9-февралга карата коронавирус 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 53, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 282 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 717 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий