Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Панфилов атындагы сейил багындагы аттракциондордун баасы бирдей болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн 18:00гө чейин аталган сейил бактагы аттракциондорго билет баасы жашына карабай бирдей болот.
«Колесо обозрения» жана «Вращающиеся башни» аттракциондордун акысы 70, ал эми калган бардык аттракциондордун баасы 40 сом сом болот». – деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий