• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бүгүн Бишкектеги фонтандар өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, фонтандар өчүрүлгөндөн кийин “Тазалык” ишканасынын жумушчулары бассейндердеги сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.

Анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотууну жүргүзөт.

“Бул чаралар жабдуулардын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кийинки сезондо алардын үзгүлтүксүз иштешине багытталган”, - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий