• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна акыркы эки айда 2 миңден ашуун жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна январь-февраль айларында 2 миң 161 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

2023-жылдын февралында Call-борборго 898 чалуу, анын ичинде 493 келген жана чыккан чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 405 чалуу түшкөн. Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Соцфонддун колл-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номуру аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий