• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бүгүн Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жылуулук тармагында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн, 9-октябрда саат 08:00дөн 19:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19-үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөрдө, ошондой эле Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчада (Чыгыш-5, 18/1) суу өчүрүлөт.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий