Бүгүн дагы 155 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 42 миң 146 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 18-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 155 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 42 миң 146 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 40
  • Ош – 11
  • Чүй облусу – 13
  • Ош облусу - 14
  • Талас облусу – 6
  • Нарын облусу – 11
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 24
  • Баткен облусу - 12

Пикир

Оставить комментарий