• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

COVID-19. Бишкекте 9 миң 161 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бишкекте 9 миң 161 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 315и вакцинанын экинчи дозасын алды.

“9 миң 161нын ичинен 1 миң 482си медик, 316сы мугалим, 295и ар тармактын кызматкери, 3 миң 288и 65 жаштан жогору курактагылар, 67си күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 3 миң 714ү башкалар”, - дейт ал.

Эскертке кетсек, Кыргызстанда Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы жана Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий