• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бүгүн дагы 244 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 47 миң 428 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-октябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 244 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 47 миң 428 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 26
  • Ош - 25
  • Чүй облусу – 8
  • Ош облусу - 62
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 79
  • Баткен облусу - 33

Пикир

Оставить комментарий