• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бир адам 24 кесиптешине коронавирус жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында эркек киши коронавирус жуктуруп алып, оору жеңил түрдө өтүп жаткандыктан ал жумушуна бара берген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жыйынтыгында заводдо иштеген жаран 60 кесиптеши менен байланышта болгон. Алардын 24ү коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

"Ошондой эле эпидемиологиялык иш-чараларды жүргүзүп жатканда заводдо иштеген бир жаран үй-бүлөсүнүн 5 мүчөсүнө илдетти жуктурган. Бул мисал жарандардын этият болуусун айгинелейт. Анткени, вирус тез жугат. Дагы бир учур билим берүү мекемесинде болгон. Мекемеде иштеген кызматкер COVID-19 инфекциясын жугузуп алган. Ал дагы үй-бүлөсүнө ооруну жуктурган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий