Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. 1-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.
Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Пикир
Оставить комментарий