Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.
Эске салсак, салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Пикир
Оставить комментарий