• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк төлөм операторлордун ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамды катаалдаштырат

Экономика 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. КР Улуттук банкы “Мобильник” электрондук капчык менен болгон окуядан кийин төлөм операторлордун ишмердүүлүгүн камтыган укуктук-ченемдик актыларды кайра карап чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кабарлады.

Ал эскерткендей, 1,5 жыл мурун Улуттук банк үчүнчү тарапка жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн баардыгы УБ тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, баардык талаптар аткарылышы керек деген позициясын билдирген.

“"Мобильник” менен болгон окуя Улуттук банктын катуу көзөмөлгө алуу, кошумча механизмдерди орнотуу жана үчүнчү жактардын төлөмдөрүнө кепилдик берүү боюнча чаралары анча катуу коюлган эмес экендигин көрсөтөт. Улуттук банк баардык үчүнчү жактардын төлөмдөрүн аткарды. Мындайча айтканда, “Мобильник” операторлору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзгөн адамдардын баардыгынын төлөмдөрү аткарылды. Мисалы, “Түндүкэлектрдин” коммуналдык төлөмдөрү жүргүзүлдү. Эми чарба субъектилери ортосундагы төлөмдөр калды. Алар келишим түрүндө алдын ала төлөө же аванс сыяктуу төлөмдөр. Банк бул уюмдар менен иш жүргүзүп, тиешелүү актыларга колдор коюлууда. Бир нече убакыттын ичинде баардык төлөмдөр аткарылат”, - деди ал.

Абдыгулов кошумчалагандай, укук-коргоо органдарынын кийлигишүүсү бул милдеттемелерди аткарууну кечеңдетиши мүмкүн.

Төрага баса белгилегендей, “Мобильник” менен болгон окуя баардыгына сабак болду.

“Биз төлөм операторлордун ишмердүүлүгүн камтыган укуктук-ченемдик актыларды катаалдаштыруу максатында кайра карап чыгууну пландаштыруудабыз”, - деп билдирди ал.

Улуттук банктын жетекчиси “Мобильниктин” лицензиясы алынбагандыгына көңүл бурду.

“Бул сервистин ишинин токтошу убактылуу жана анын ишмердүүлүгүн толугу менен токтотууга мүмкүндүк берет. Эгер “Мобильник” өз карыздарын жаап, мыйзам чегинде иш алып барса, алардын лицензиясы жаңыланат”, - деп айтты Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий