• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Дубайдын Соода палатасы кыргызстандык компанияларга бизнес өнөктөштөрдү табууга жардам берет

Экономика 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Дубайдын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык компанияларга бизнес өнөктөштөрдү табууга жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык ишкерлер Дубайдын Соода палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Кыргыз делегациясынан Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев жана транспорттук-логистикалык компаниялардын, банк секторунун, эт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, Кыргызстанда соода-логистикалык борборлорду курган компаниялардын, ошондой эле мыйзамдуу ишке орноштуруу менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жүк ташуу, коммерциялык банктардан акча которуулар, корреспонденттик эсептерди ачуу жана БАЭ валютасында операцияларды жүргүзүү жаатында кызматташуу маселелери каралды.

"Туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Дубай Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанга турларга суроо-талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандагы ишенимдүү туристтик компаниялардын тизмесин сурады", - деп белгилешти Соода-өнөр жай палатасынан.

Палаталардын ортосунда ишкердик маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди. Жолугушуунун соңунда Дубайдын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык компанияларга Дубайдын компаниялары менен тыгыз байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө жана бардык маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий