• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда "Сомго 30 жыл" жана "Тай туяк" коллекциялык монеталары жүгүртүүгө берилди

Экономика 0


Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелден тартып улуттук валютанын 30 жылдыгына карата "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Тай-туяк" жана "Сомго 30 жыл" коллекциялык монеталары жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын начальниги Медина Аширалиева билдирди.

Анын айтымында, "Сомго 30 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин үстүнө "30" саны жана сомдун графикалык белгиси "С" түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөттөрү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: "Сомго 30 жыл / Сому – 30 лет", ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын салмагы (28.28 g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган саркеч улуттук оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четинде тегерете: "Национальный банк Кыргызской Республики /Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023).

Ал эми "Тай туяк" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин ХIX кылымдарда акча жүгүртүү чөйрөсүндө колдонулган күмүш куймасы - тай туяктын сүрөтү түзөт. Монетанын жогору жагында анын аталышы, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы (500 с) көрсөтүлгөн.

"Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолору жана кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, бул сүрөттөлүш негизинен байыркы менен азыркы доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Четинде тегерете: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн", - деди ал.

"Тай-туяк" күмүш монетасы Улуттук банк тарабынан чыгарылган салмагы 500 грамм жана номиналы 500 сом болгон алгачкы монета болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий