• 87.86
  • 93.94
  • 1

Баткендин чек ара айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектеп үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун тендердик баасы 83,2 млн сом.

Эки кабаттуу мектепти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, билим берүү уясынын курулушуна 24-апрелде капсула салынып, ага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИС уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылда чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп пайдаланууга берилген 1-окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган 3 корпусу да жабыркаган болчу.

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган облустагы 15 социалдык объекттин катарына кирди.

Пикир

Оставить комментарий