• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бүгүн Каракол шаарында “Түндүк – 2024” мобилизациялык машыгуусу башталат

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. 20-22-августта Каракол шаарында Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери менен “Түндүк – 2024” мобилизациялык машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуу үч этапта өтөт. Расмий ачылышка чейин эле машыгуунун катышуучулары биринчи этапты башташкан. Бул этапта аскердик абалды киргизүү учурунда кошуундарды жана бөлүктөрдү (бөлүкчөлөрдү) практикалык мобилизациялоо боюнча аскердик башкаруу органдарынын ишинин маселелери иштелип чыгат.

Сигналы бар пакетти ачкандан кийин жана бул сигналды машыгуунун бардык катышуучуларына жеткиргенден кийин Ысык-Көл облусунун райондук, шаардык аскер комиссариаттарынын мобилизациялык ресурстарын жана кирүүчү техникасын чогултуу жана жөнөтүү пункттарын, кызматкерлерди жана техниканы кабыл алуу пункттарын, катышуучуларды (штабдарды) контролдоочу топторду жайгаштыруу жана иштөөсү башталды.

Машыгуунун биринчи этабында облустун аскер комиссариаттары тарабынан мобилизациялык ресурстарды жана техникаларды жеткирүүчүлөрдү кабарлоо, ошондой эле коменданттык кызматтын жайылтуу жана анын тапшырмаларын аткарууга даярдануу жүргүзүлдү.

2024-жылдын 20-августунда “Түндүк – 2024” мобилизациялык машыгуусунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Машыгуунун ачылыш аземине КР КК Генералдык шатыбынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкаралыгынын башчысы – Генералдык штабдын башчысынын орун басары подполковник Уланбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев, Ысык-Көл облусунун аскер комиссарлары катышты.

Машыгуунун ачылыш аземинен кийин дароо эле аскер комиссариаттары мобилизациялык ресурстарды чогултуп, жөнөтүүгө, техникаларды жеткирүүгө киришти, мобилизациялык каражаттар жана техникалар жеткириле турган бөлүктөр бул иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөп турушту.

Бул иш-чаралар аяктагандан кийин машыгуунун катышуучулары машыгуунун экинчи этабын башташты жана мобилизациялык ресурстарды кадрдык бөлүктөргө кабыл алуу боюнча мобилизациялоо мезгилиндеги штабдардын иштөө маселелерин иштеп чыгууга киришти.

Бул этапта жазылган курамды жана техниканы практикалык жактан кабыл алуу жана бөлүштүрүү, камсыздоонун бардык түрлөрүнө коюу боюнча документтерди тариздөө, курал-жарактарды кабыл алуу жана бекитүү, келип түшкөн техниканы кабыл алуу жана техникалык абалын текшерүү жана аны бөлүкчөлөр арасында бөлүштүрүү боюнча иштер уюштурулду.

Экинчи этап дайындалган өздүк курамды жана техниканы кадрларды кабыл алуу жана техниканы кабыл алуу пункттарынан КР УКМК Чек ара кызматынын 2028 аскер бөлүгүнүн окуу борборуна өткөрүү менен жана кадрдык бөлүктөргө арналган өздүк курамды жана техникаларды кабыл алуу жана машыгуунун жетекчисине билдирүү менен аяктады.

Андан кийин экинчи күнү “Түндүк – 2024” мобилизациялык машыгуусунун катышуучулары 3-этап – күжүрмөн ыкташтырууга киришишет.

Пикир

Оставить комментарий