• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Баткен согушунун ардагерлери үчүн радикализмди алдын алуу тууралуу семинар уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-июнунда Баткен шаарында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн «негизги диний агымдар, илим жана исламий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу семинар өткөрдү. Семинар, ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн демилгеси менен уюштурулду,-деп билдирет аталган фонддун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, программада радикализмдин ислам динине тиешеси жок экендиги, экстремизм жана ислам экөө эки башка түшүнүк экендиги, салттуу ислам жана өлкө аймагында уруксат берилген диний агымдар, тыюу салынган диний агымдар тууралуу кенен маалымат берилип, илимий аргументтерди келтирүү менен радикализмди алдын алуу, аймактык коопсуздук маселеси каралды.

ОшМУнун теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимовдун пикиринде, бул өңдүү иш-чаралардын өтүшү калктын диний сабаттуулугун артырууда алда канча жардам болот:

“Согушту өз көзү менен көргөн адамдардын сөзү коомдо өтүмдүү, ошондуктан радикализмди алдын алууда ардагерлердин активдүү болуп жатканы бизди кубандырат. Албетте, радикализмди алдын алуу - бул биздин жапа тырмак иштей турган ишибиз. Бул сындуу семинарлардын аймактарда арбын уюштурулушу шарт. Дегеним, радикализм маалыматтан алыс болгон аймактарды бутага алууда, буга каршы туруу үчүн биз да аймактарда активдүү иштешибиз керек”,-деп билдирди ал.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду мындай семинарларды буга чейин да уюштуруп келген. Бул жаатта Баткен согушунун ардагерлери активдүү иш алып барууда:

“Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеңеши менен үч жылдан бери кызматташып келебиз. Ар бир семинарга отуздан ашык ардагерлер катышат. Ардагерлер бул жерде алган билимди, маалыматты аймактарда жайылтууда. Ар бир семинар үчүн жаңы программа, план иштеп чыкканга аракет кылабыз. Бир семинарда айтылган маалымат экинчисинде кайталанбайт,- дейт "Ыйман" фондунун түштүк аймактагы өкүлү Аязбек Атамкулов.

Эске сала кетсек, ушул эле семинар жакынкы аралыкта Чүй жана Талас облусунда өтөөрү күтүлүүдө .

Пикир

Оставить комментарий