• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бүгүн Кыргызстанда шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону утурлай, шаардык кеңештерге катышып жаткан партиялардын үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталып, 16-ноябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, өлкөдө 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Кыргызстандагы 33 шаардык кеңешке 39 саясий партия ат салышууда. 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 4928 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3183ү - эркек, 1745и - аял.

Ал эми 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган. Мандаттардын жалпы саны - 5391, анын 30%, же 2185 мандат аялдар үчүн сакталган (аялдар квотасы).

Пикир

Оставить комментарий