• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Туризм департамент башчысынын орун басары Ысык-Көлдөгү баалар тууралуу

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйын учурунда Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Ысык-Көлдөгү бааларга токтолду.

Анын айтымында, быйыл кымбаттатылган баалар аны таң калтырды.

"Мен абдан таң калдым жана уялдым, анткени мындай болбошу керек. Элибизде меймандостук бар, андан алыстабашыбыз керек. Ысык-Көлдө адегенде акча сурап, анан гана меймандостук көрсөтүшөт. Кызмат көрсөтүлгөн соң акы төлөнөт, муну эстен чыгарбашыбыз керек", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, Чолпон-Атадан Бостериге барган таксилердин да баасы 500 сомго чейин көтөрүлгөн.

“Бул акчага Бишкектен Ысык-Көлгө жетүүгө болот. Бул жерде болгону үч аялдама үчүн ушундай баа. Жергиликтүү бийлик бул маселени колго алат деп ишенем”, - деди Кыял Кенжематова.

Ал мындан ары баалар көтөрүлбөйт деген үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий