• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бүгүн Кыргызстанда жалпы 25 мектеп жана 13 бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы болду.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка орто мектеп-гимназиясынын 500 орунга ылайыкталган кошумча имаратынын ачылышына катышса, министрдин орун басарлары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын кошумча 225 орунга ылайыкталган имаратынын, Муратбек Касымалиев Чүй районунун Ибраимов айыл аймагынын Кошой айылындагы 225 орундуу орто мектептин ачылыш аземинде болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан бүгүн өлкө боюнча 25 мектеп жана 13 бала бакча ачылды. Алар:

  • Ысык-Көл облусунда – 3 мектеп, 4 бала бакча;
  • Талас облусунда – 1 мектеп, 1 бала бакча;
  • Ош облусу – 4 мектеп, 1 бала бакча;
  • Жалал-Абад облусу – 6 мектеп, 3 спорт комплекс, 7 бала бакча;
  • Чүй облусунда – 2 мектептин кошумча имараты;
  • Нарын облусу – 3 мектеп;
  • Бишкек шаарында – 1 мектептин кошумча имараты;
  • Баткен облусунда – 2 мектеп.

Пикир

Оставить комментарий