• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу: Бүгүн IV этап башталды

Билим 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. 2023-жылдын 23-январында жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 28-январы саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

I, II, III турдун жыйынтыгы менен жалпысынан 693 талон катталып, ЖОЖдор 656 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 554 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Пикир

Оставить комментарий