• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча U-17 курамасы Йемен менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн U-17 Азия кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Йемендин командасы менен беттешет.

Оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын Vie Tri стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы I тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Буга чейин курама команда 23-октябрда Вьетнам менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий