• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке 100дөн ашык спортчу катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев жана Көркөм гимнастика боюнча федерациясынын президенти Назира Айдарова катышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш эртең, 20-апрель күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий