• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар спортчуларга наам ыйгарылды

Спорт 0


Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар кыргызстандык спортчуларга спорттук наам ыйгарды. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.

Кыргызстандын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, департаменттин буйругу менен “КР эл аралык класстагы спорт чебери” наамы төмөнкү спортчуларга ыйгарылды:

1. Смадияр Жумакадыров (сурдо грек-рим күрөшү);
2. Дастан Рыспаев (сурдо грек-рим күрөшү);
3. Алишер Шамшединов (сурдо грек-рим күрөшү);
4. Миляс Марков (сурдо грек-рим күрөшү);
5. Нарту Абдурахманов (сурдо грек-рим күрөшү)
6. Сүймөнкул Икрамов (сурдо грек-рим күрөшү)
7. Адилет Жапаркулов (сурдо эркин күрөшү)

Мындан сырткары, “КР эмгек сиңирген спорт чебери” наамы сурдо эркин күрөш боюнча балбан Алмаз Исаковго ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий