• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бүгүн Садыр Жапаров Кара-Балтадагы ишканалардын ачылышына катышат

Президент 0

Бишкек, 30.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Саналуу мүнөттөрдөн кийин президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу линиясына капсула салуу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, иш-чара болжол менен саат 13:00дө ЭлТр жана социалдык тармактардын баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

"Мындан тышкары мамлекет башчысы бүгүн Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ААКнын алтындын чендик куймаларын өндүрүү цехинин ачылыш аземине катышып, андан кийин Кара-Балта шаарын өнүктүрүү иш-чаралар планы боюнча шаар мэринин маалыматын угат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий