• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жээнбеков: Улуттук валюта – сом эгемендүү мамлекеттин символуна айланды

Президент 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын улуттук валюта – сомдун 25 жылдык мааракеси менен куттуктады. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз сому мурдагы СССРге кирген республикалардын чарбалык байланыштары үзүлүп, акча массасынын көзөмөлсүз өсүүсүнүн жана гиперинфляциянын тушунда киргизилгенин белгиледи.

“Ал кезде Кыргызстан рыноктук реформаларга шайкеш өз алдынча акчаны көзөмөлдөөгө өткөн. 1993-жылдын 10-майында биздин өлкө Советтик Союз кулагандан кийин биринчилерден болуп улуттук валюта – сомду колдонууга киргизди, бул туура жана өз учурундагы чечим болгон. 25 жылдын ичинде биздин улуттук валютабыз турукташуунун татаал жолун басып, ири экономикалык кризистердин сыноосунан бир канча жолу өттү. Акча-кредиттик көз карандысыздык инфляциянын өсүшүнө ооздуктоого жана сомдун баасынын тушүп кетүүсүнө жол бербөөгө өбөлгө түздү, ал эми банк жана төлөм системалары өзүнүн туруктуулугун жана бекемдигин далилдешти. Бүгүн кыргыз сому турукташып, мурунку союздук аймактагы эң туруктуу валюталардын бири болуп саналат ”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы сом өз алдынча акча-кредиттик саясаттын негизги куралы гана эмес, эгемендүү мамлекеттин көз карандысыздыгынын символу болуп калганын, ал эми улуттук валюта эгемендүү Кыргызстандын турукташуусунда маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Кыргыз сомунун мааракесине байланыштуу Президент ошондой эле Кыргызстандын улуттук валютасынын турукташуусунда Эл аралык валюталык фондунун жана башка эл аралык финансылык институттардын ролун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн банк системасы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн финансылык жактан камсыздоодо маанилүү роль ойногонун белгиледи. Улуттук банк инфляциянын жана валюталык курстун туруктуулугунун кыска мөөнөттүү көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечип келет. Борбордук банктын, коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык мекемелердин кызматкерлери да ыраазычылык сөздөргө татыктуу.

“Алдыда - мындан да жооптуу мезгил. Эми Улуттук банк кыска мөөнөттүү максаттар менен катар узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн саясатты жигердүү жүргүзүшү керек. Банк секторун өнүктүрүү жана анын өлкөнүн экономикасындагы ролун жогорулатуу, реалдуу тармакты насыялоо көлөмдөрүн көбөйтүү, инвесторлор жана акча салуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алдыңкы технологияларды колдонуу менен төлөм системаларын өнүктүрүү талап кылынат”, - деп белгиледи Президент.

Жакын арада банк секторун аймактарды өнүктүрүү маселеси абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

“Кластердик ыкманы өнүктүрүү аркылуу кошумча нарк тизмегин түзүүгө багытталган жаңы финансылык куралдарды киргизүү талап кылынууда. Өлкөнүн аймактарында жумушчу орундарын түзүү жана ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган аттаандашууга туруктуу долбоорлорду насыялоо боюнча финансы-кредиттик институттардын ишин активдештирүү абдан маанилүү. Жалпы республика боюнча акча ресурстарын мобилизациялоого жана банк кызматтарын жеткиликтүү кылууга жагымдуу шарттарды түзүш керек”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы тарыхый, техникалык жана башка көптөгөн критерийлерди эске алуу менен сомдун дизайнын жана сырткы көрүнүшүн мурдагы совет республикаларынын ичинен мыктынын бири кылууга жетишкен дизайнерлерге, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана банкнотту иштеп чыккан адистерге ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу өлкөнүн бардык банк кызматкерлерин кесиптик майрамы – Банк кызматкеринин күнү менен куттуктап, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө арналган иштери жемиштүү жана ийгиликтүү болушун каалады.

Пикир

Оставить комментарий