• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Түркияда күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталат. Кайсы кыргыз балбандары чыгат?

Спорт 0

Бишкек, 24.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Түркияда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеш башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтөт.

Кыргызстандык балбандар төмөнкү күндөрү килем үстүнө чыгат:

24-февралда

63 кг - Дастан Кадыров, грек-рим күрөшү;

67 кг - Калы Сулайманов, грек-рим күрөшү.

25-февралда

62 кг - Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү;

68 кг - Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү;

76 кг - Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү;

72 кг - Бекжан Конурбаев, грек-рим күрөшү;

72 кг - Сүймөн Икрамов, грек-рим күрөшү.

26-февралда

125 кг - Жаппуев Музафар, эркин күрөш.

27-февралда

57 кг - Алмаз Сманбеков, эркин күрөш;

61 кг - Улукбек Жолдошбеков, эркин күрөш;

65 кг - Икромжон Хаджимурадов, эркин күрөш;

70 кг - Эрназар Акматалиев, эркин күрөш;

74 кг - Исламбек Орозбеков, эркин күрөш;

79 кг - Арсалан Будажапов, эркин күрөш;

86 кг - Нуртилек Карыпбаев, эркин күрөш;

86 кг - Саякбай Усупов, эркин күрөш;

92 кг - Мирлан Чыныбеков, эркин күрөш.

Пикир

Оставить комментарий