• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Азия чемпионаты-2019 Ысык-Көлдө өткөрүү каралат

Спорт 0

Бишкек, 21-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын ITF таэквондофедерациясы 2019-жылы Азия чемпионатын Ысык-Көлдө өткөрүүгө билдирме жөнөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР таэквондо федерациясынын президенти Эдуард Хегай билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын жайында Сеул шаарында Азия чемпионаты өтүп, анда 2019-жылдагы биринчиликтин кайда өтөөрү аныкталат.

“Биз Азия чемпионатын 2019-жылы Ысык-Көлдө өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошондуктан, эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын жетекчилигин көрүп, баалап жана уруксат берүүгө чакырдык”, - деп белгиледи ал.

Жыйнытыгында, Э.Хегай эл аралык таэквондо-ITF федерациясынын президенти Чой Жунг Хва бул маселеде Кыргызстанды колдой тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий