• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүткүл дүйнөлүк калк күнү. Инклюзивдик маалыматтарды кантип колдонуу туруктуу жана адилеттүү келечекти курууга жардам берет

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. / Кабар/. Бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинде Бүткүл дүйнөлүк калк күнүнө карата “Туруктуу жана адилеттүү келечекти куруу үчүн инклюзивдик маалыматтардын потенциалын пайдалануу" деген темада маалымат жыйыны болуп өттү.

1990-жылдан бери БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк калк күнү жыл сайын 11-июлда белгилене баштаган. Бул күн калктын көйгөйлөрүнө, жалпы өнүгүү программаларына жана маселелерди чечүү жолдорун издөөгө буруу максатында белгиленип келет. Жылыга Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгилүү бир темага арналат.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиевдин айтымында, 2023-жылы Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи акыркы үч жылда өз маанисин сактап, 1,8%ды түздү.

Калктын эң жогорку өсүү темпи Баткен жана Ош облустарында (2,2% жана 2,0%), Жалал-Абад облусунда (1,9%), эң төмөнкүсү Нарын жана Ысык-Көл облустарында (1,2% жана 1,1%) белгиленди.

“Өлкө калкынын саны 2024-жылдын башында 7 миллион 162 миң адамды түзгөн. Мында басымдуу үлүш айыл калкына туура келди – 65%дан ашыгы же 4 млн 665 миң адам, ал эми шаар калкынын үлүшү 35%га жакындап же 2 млн 497 миң адамды түздү”, - дейт Зайнидин Жумалиев.


БУУнун Калк фондунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бакыт Кайназаров белгилегендей, бүгүнкү күндө бардык кыргызстандыктардын назарын маанилүү темага –туруктуу жана адилеттүү келечекти куруу үчүн инклюзивдик маалыматтардын потенциалын колдонууга буруу зарыл болууда. Бул тема иштеги маалыматтардын маанилүүлүгүн гана белгилебестен, анын бүтүндөй калк үчүн жеткиликтүүлүгүнүн сапатын жакшыртууга үндөйт. Бүгүнкү күндө коомдун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган чечимдерди кабыл алууда маалыматтар негизги ролду ойнойт.

"Бирок, бул чечимдер чындап натыйжалуу жана адилеттүү болушу үчүн, адамдардын бардык топторунун көп аспектилерин эске алуу керек. Калктын ар түрдүүлүгүн чагылдырган маалыматтарды чогултуу жана талдоо структуралык теңсиздикти аныктоого жана чечүүгө жардам берет. Албетте, Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да теңсиздик бар. Бирок калктын бардык катмары чечим кабыл алуу процессине катышуусу үчүн инклюзивдик маалыматтар болушу керек", - деди ал.

Ал ошондой эле бул ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүүгө, өз кезегинде адилеттүү коомду түзүүгө өбөлгө түзөт деген ойдо. Маалыматтарды чогултуу жана пайдалануудагы ачык-айкындуулук жана инклюзивдүүлүк, биринчиден, элдин мамлекеттик бийлик органдарына жана коомдук институттарга болгон ишенимин жогорулатат.

Адамдар алардын талаптары эске алынарын билип, коомдук турмушка активдүү катышып, алардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган демилгелерди колдошот.

"Кыргызстанда биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызматтарга жетүүдө оң өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, бирок биздин көңүл бурууну талап кылган көйгөйлөр сакталып турат. Республикабыздын ар бир жараны керектүү маалыматка жана ресурстарга ээ болушу үчүн маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча болгон күч-аракетибизди жумшообуз керек. БУУнун бул багыттагы фонддору маалыматтарды чогултуу, талдоо жана пайдалануу боюнча инклюзивдүү ыкмаларды колдоо үчүн Кыргызстандын өкмөтү жана жергиликтүү өнөктөштөр менен жигердүү иш алып барууда", — деди Кайназаров.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индексинин (ЖБӨИ) маанисине жана жаштар саясатын калыптандыруудагы маанилүү маалыматтарга токтолду. Ал белгилегендей, статистика жана жаштардын бакубаттуулугу боюнча маалыматтар Кыргызстанда абдан маанилүү жана актуалдуу тема болуп саналат.

Жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси – өлкөдөгү жаштардын абалынын өзгөрүү динамикасынын аналитикалык комплекстүү көрсөткүчү, жаштардын социалдык, физиологиялык, психологиялык жана материалдык абалы катары өнүгүү жана бакубатчылык аркылуу каралат.

Ошону менен бирге, 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясынын негизги жоболору "Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси" улуттук изилдөөнүн натыйжаларына негизделгенин белгилей кетүү керек. Ушул концепцияны ишке ашыруунун алкагында жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн деңгээлин 0,53төн 0,75ке чейин жогорулатуу күтүлүүдө.

Ал эми "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюмунун президенти Светлана Баштовенко туруктуу жана адилеттүү келечекке жетишүүдөгү улгайган адамдар жөнүндө инклюзивдик маалыматтардын ролу жөнүндө айтып берди. Анын пикиринде, улгайган адамдар коомубуздун олуттуу бөлүгү жана алардын келечекти түзүүгө катышуусу чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде эске алынышы керек. Расмий статистикага жана изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда улгайган адамдардын социалдык-демографиялык тобу барган сайын маанилүү болуп баратканын көрсөткөн тенденция пайда болууда жана божомолдор боюнча 2030-жылга карата калктын картаюу тенденциясы айкын боло баштайт.

"Кыргызстанда улгайган адамдар калктын олуттуу пайызын түзүп, коомдо маанилүү роль ойношот. Алар жөнүндө инклюзивдүү маалыматтар алардын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү үчүн негизги курал болуп саналат. Мындай маалыматтарды пайдалануу менен Кыргызстандын өкмөтү жана эл аралык уюмдар улгайган адамдарды колдоо боюнча так жана ылайыкталган программаларды иштеп чыгышы мүмкүн, бул улуу муундун жашоо сапатын жакшыртууга, аларды зарыл медициналык жардам, социалдык камсыздоо жана башка кызматтар менен камсыз кылууга болот", - деди Светлана Баштовенко.

Жыйынтыктап айтканда, баяндамачылар 2024-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк калк күнү ким жана эмне үчүн дагы эле эске алынбай жаткан нерселер жеке адамдарга кандай таасир этээри жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Биздин маалыматтарыбыз адамдын жашоосунун көп түрдүүлүгүн чагылдыруу менен ар бир адам өз укуктарын ишке ашыра алышына жана өзүнүн дараметин толук ишке ашыруу үчүн көбүрөөк иштерди жасоого мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий