• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясына 24 жыл. Кайрымдуулукка арналган чейрек кылым

Маек 0

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы Кыргызстанда 24 жылдан бери калктын аярлуу катмары болгон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип, өлкөнүн социалдык жактан өнүктүрүү багытында активдүү кызмат көрсөтүп келе жатат. Башкы кеңсеси Сауд Араб Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында жайгашкан бул уюм Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп катталган. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып келет. Өзгөчө билим берүү, медицина, таза суу менен камсыздоо сыяктуу элге социалдык жактан колдоо көрсөтүүчү көптөгөн долбоорлордун үстүндө иш алып барууда.

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы кеңсесинин директору Мохаммед Мады аталган уюмдун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк маалымат бермекчи.

— Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы түзүлгөн 24 жылдын ичинде негизинен кайрымдуулук иштерин кайсы багытта жүргүзөт?

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы Кыргызстандын аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жаштар үчүн зарыл болгон ар тараптуу долбоорлордун үстүндө көптөгөн инвестицияларды тартып, адамдардын жашоо сапатынын жакшырышына, коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Алардын арасынан эң маанилүү ири долбоорлорго мектеп, саламаттык сактоо мекемелерин, мечит куруу жана таза суу менен камсыздоо кирет. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу массалык түрдө муктаж болгон 50 жаш жубайлардын үйлөнүү тоюн өткөрдүк, андан тышкары калктын калың катмарына ар тармактуу гуманитардык жардамдар берилүүдө.

— Мусулман жаштар ассамблеясы катары алгач Кыргызстандагы жаштарды колдоо, билим берүү багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу айтсаңыз?

Биз жаштардын билим алуусуна, өзгөчө аймактардагы окуучулардын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Мисалы, Кыргызстандын эң муктаж болгон аймактарына 19 мектеп салдык. Бул мектептердин ички жана сырткы жасалгалары, класстык керектүү эмеректери, сырткы темир тосмолору менен кошо толук бүткөрүлүп ишке берилген. Ар бир салынган мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берилип, окуу системасы жана кадр саясаты толугу менен мамлекеттин кароосуна тапшырылат. Алсак, Чүй облусунда 3 мектеп, Ош облусунда 5, Баткен облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3 мектеп, Нарын облусунда 1 жаңы мектеп биздин уюм тарабынан курулган. Жакында эле Аламүдүн районунун Васильевка айылында дагы бир жаңы мектептин ачылышы болду. Жаштардын, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү биздин башкы максаттарыбыздын бири.

— Өлкө аймактарындагы калктын саламаттыгын сактоого багытталган жыл сайын өткөрүлүүчү долбоорлор бүгүнкү күндө улануудабы?

Ассамблея жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте “Медициналык караван”, “Клиникаларды куруу”, “Имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” сыяктуу көптөгөн медициналык долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы 15тен ашык саламаттык сактоо боюнча кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлдү. Заманбап медициналык каражаттар, керектүү дары-дармектер менен камсыздалган жогорку квалификациялуу дарыгерлер алыскы аймактардагы жарандарды медициналык кароодон өткөрүп, ден соолугун текшерүү менен өлкөнү кыдырып чыгуу “Медициналык караван” иш-чарасы жаштар ассамблеясынын жыл сайын кайталануучу долбоору болуп калды. Андан тышкары, алыскы айылдарга 45 ФАП жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулду. Алардын ички жана сырткы жасалгалары, кабинет эмеректери сырткы темир тосмолору менен толук бүткөрүлүп ишке берилүүдө. Акыркы жылдары эң маанилүү долбоор медициналык клиникаларды куруу болууда. Мунун алкагында республика боюнча 7 клиника курулуп мамлекеттин эсебине өткөрүп берилди. Ал эми Ош облусунда 13, Чүй облусунда 8, Баткен облусунда 2, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 ФАП же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулду.

— Калкты таза суу менен камсыздоо маселесинде мамлекет менен катар сиздердин уюм тарабынан кандай иштер аткарылууда?

Калктын саламаттыгын сактоонун бир багыты ичүүчү таза суу менен камсыздоо болгондуктан, жер астынан 50-70 метр тереңдиктен таза суу чыгарылууда. Мисалы Чүй облусундагы Арашан, Жал, Кут айылдарына, Москва районунун Аксуу айыл өкмөтүндөгү бардык айылдарына, Кара-Суу районундагы Ачы-Талдык, Ноокат районундагы Н.Исанов айылына суу түтүктөрү орнотулду. Ошондой эле республикадагы көптөгөн ооруканалар, бала-бакчалар, мектептер жана социалдык мекемелер таза суу менен камсыздалды. Бул багытта дагы да көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып, карапайым калк үчүн зарыл болгон иштер аткарыла бермекчи.

— Калктын аярлуу катмары болгон ата-энесиз балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү Мусулман жаштар ассамблеясынын артыкчылыктуу багыты катары кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Тагдырдын оор сыноосуна кабылып ата-энесинен эрте ажыраган балдарга, атасыз балдарды баккан энелерге жана Ош коогалаңынан жапа чеккен жарандарга материалдык, медициналык жана билим берүү жагынан жардам берүү Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын негизги максаты. Азыркы учурда ассамблеянын карамагында 1 миң 500 жетим бала бар. Алар ай сайын 1 миң 700 сомдон жөлөк пул жана тиешелүү жардамдарды алып турушат. Жаштар ассамблеясы үч жылдан бери “Энекем менин бейишим” аттуу кайрымдуулук долбоорун, “Ар дайым сиздер менен” акциясын ишке ашырып келет. Андан тышкары, жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге, турмуштук оор сыноодон кыйналган үй-бүлөлөргө тамак аш, акчалай, дары дармек, тиричилик буюмдары акысыз берилип, колдон келген жардамдар көрсөтүлүүдө. Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин берген тизмеси боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коляскалар, керектүү каражаттар берилип турат.

— Сөзүбүздүн башында 50 жуп жаш жубайлар үйлөндүрдүк деп айтып өттүңүз, ошол тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

2013-жылдын 1-июнунда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу массалык түрдө 50 жаш жубайлардын үйлөнүү тою ассамблеянын демөөрчүлөрү тарабынан каржыланып, өткөрүлдү. Бул акцияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, апрель окуясына катышкандардын, мүмкүнчүлүгү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптардын балдары катышты. Сынактын негизинде тандалып алынган ар бир жаш жубайга колдоо көрсөтүү иретинде үй эмеректери жана тиричилик техникалары белек катары берилген. Азыр 50 түгөйдүн көпчүлүгү бала-чакалуу болуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толукташууда. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында иш алып барган 24 жыл аралыгында Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы тарабынан 173 мечит жана 20дан ашуун комплекс имараттар курулуп, пайдаланууга берилүүдө. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү мамлекеттик фондунун жүргүзүп жаткан агартуучулук кызматын колдоо максатында 100 миң доллар өлчөмүндө каражат берилген.

— Кыргызстан элинин бакубат жашоосу үчүн жасаган эмгегиңиздер, кайрымдуулук иштериңиздер үчүн чоң ыраазычылык билдирем!

Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий