• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 7 унаа берилди

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Россиянын атынан Lada Niva Legend үлгүсүндөгү 7 унаанын ачкычтарын жана техникалык жабдууларды салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

ИИМден билдиришкендей, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери катышты.

Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Андыктан, ар бир жетекчи КР мыйзамдарынын так сакталышын камсыздап, жер-жерлерде сапаттуу иштерди уюштурууга, эң негизгиси элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга милдеттүү экенин белгилейбиз.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө бул программанын алкагында россиялык тарап БМЖКККга 15 миллион сомдон ашык суммага унаа жана техника түрүндөгү кезектеги жардамды өткөрүп берди. Ушул эле жылдын январь айында БМЖКККга 60 млн сомдук 28 унаанын биринчи партиясы берилген.

Мындан тышкары, программаны ишке ашыруунун алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларында натыйжалуу өз ара аракеттенүү жүргүзүлүп, биздин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында жумушчу жолугушуулар жана окуу семинарлары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий