• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

21-марта карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Эртең, 21-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн 0…5, күндүз +12…+17, Таласда түнкүсүн 1…6, күндүз +12…+17 градуска чейин ысык болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунун аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз +13…+18 градуска чейин жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең жамгыр жаабайт, күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы +14…+16° болот.

Пикир

Оставить комментарий