Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга 200 бала жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга 200 бала жөнөп кетти. Балдар "Дзержинец" лагеринде эс алышмакчы.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эс алуу мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, реабилитациясын камсыз кылуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын жана кароосуз калгандардын алдын алуу максатында уюштурулуп, жалпысынан 360 бала камтылган.

Балдар эки агымда эс алышат: биринчи агым 30-июндан 10-июлга чейин жана экинчи агым 10-июлдан 20-июлга чейин.

Лагерге борбор калаадагы мектептердин биринчи агымынын 8 жаштан 15 жашка чейинки 200 окуучусу эс алууга кетишти.

Белгилей кетсек, "Дзержинец" жайкы лагеринде Бишкек шаарынын мектептеринде социалдык жактан корголбогон үй-бүлө категориясындагы балдар: жетим, жарым жетим, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ата-энеси майып балдар, ошондой эле отличниктер, активисттер жана шаардык, эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү эс алышат.

Пикир

Оставить комментарий