• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мурас-Ордо конушу жарыктандырылууда

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Мурас-Ордо конушунун тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конуштун 6,13,14,16,17,18 көчөлөрүнө 158 светодиоддук чырак орнотулуп, 3038 метр узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылды. Ошондой эле 16 даана темир-бетон мамы орнотулду.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий