Кыргызстанда быйыл айдоо аянты 1,2 миллион гектарды түзөт

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Республика боюнча айыл чарба маданиятынын жалпы айдоо аянты быйыл 1 миллион 214 миң гектарды түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көбүрөөк. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Акыркы 5 жылда колдонулбаган айдоо жеринин аянты 110 миң гектардан 67,3 гектарга же 42,7 миң гектарга кыскарган.

“Учурда айдоо жерлеринин көпчүлүк бөлүгүндө өсүмдүктөргө агротехникалык кам көрүү жайылган: өсүмдүктөргө зыян келтирүүчүлөр менен, айрыкча чегиртке жана америкалык ак көпөлөктөр менен курөшүү”, - деди ал.

Керималиевдин айтымында, отчёттук датага карата өлкө боюнча 1 миллиард 969,3 миллион кубометр сугат суу берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 миллион кубометрге көбүрөөк.

“Айыл чарба министрлигинин суу сактагычтарында 830,1 миллион кубометр көлөмүндөгү сугат суу бар. Жалпысынан республика боюнча 1 миллион 288,8 миң гектар айдоо жери сугарылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий