• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Азербайжан жана БА өлкөлөрүнүн лидерлери Астанада өткөн “Достук кечеси” гала-концертине катышты

Президент 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 8-августта, Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты.

Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.

Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери ардактуу конокторго улуттук ырларды жана элдик бийлерди аткаруу менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациянын курамында республиканын эмгек сиңирген артисттери: ырчы Элнура Муктарбек, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, ошондой эле Н.Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли барган.

Пикир

Оставить комментарий