• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров менен Эрдоган телефон аркылуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 13.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашты.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда жабыр тарткан Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгилеп, боордош Түркия элинин атынан алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий