Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. 15-марттан тарта Анталья – Бишкек – Анталья туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Каттамдарды түркиялык SouthWind Airlines компаниясы ишке ашырат. Учактар абага жумасына эки жолу: жума жана жекшемби күнү көтөрүлөт.
Белгилей кетсек, SouthWind Airlines жарандарды ташуу боюнча Түркиядагы жаш компания. Ал жүргүнчүлөргө болушунча арзан тарифтерди сунуш кылат.
Пикир
Оставить комментарий