• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бабур Төлбаев ыктыярчылардын президент менен болгон жолугушуусу, учурдагы кризис жана парламенттик шайлоо тууралуу

Коом 0

Бишкек, 23.07.20 /Кабар/. 21-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге, дарыгерлерге жардам берип жаткан активист жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда алар президентке суроо узатып, сунуштарын айтышты.

Жолугушууга катышкан "Мбулак" микрокредиттик компаниясынын башчысы Бабур Төлбаев "Кабар" агенттигине президент менен болгон жолугушуу тууралуу, учурдагы өлкөдөгү кырдаал боюнча ой бөлүштү.

Анын айтымында, ал жолугушуу учурунда кыска убакыттын ичинде өкмөт менен жарандык коомдун коронавируска каршы мындан аркы аракеттери боюнча биргелешкен план иштеп чыгууну сунуштаган.

"Учурда бизге тиешелүү ыйгарым укуктары бар кризис-менеджер керек. Ыктыярчылар менен жарандык активисттердин координациясыз аракеттери - башаламан аракет. Ар бир иштей эле башкаруучу борбор керек. Бүгүнкү күнү ал милдетти жарандык коом менен өкмөт ишенген кризис-менеджерге тапшырууга болот. Азыркы абал боюнча онлайн режиминдеги бир башкаруучу борбор керек", - деп, ал жарандар тарабынан кайрымдуулук иретинде клиникаларга берген бардык жабдыктардын эсебин жүргүзүү керектигин белгиледи.

"Бул жерден мен ушул убакка чейин берилген гуманитардык жардамдын аудитин кантип жүргүзүү боюнча өзүбүздүн мисалды келтирдим", - дейт ал.

Ал башка адамдарга жардам берүүдөн өзүн бактылуу сезерин айтат.

"Мен жана менин командам көп убакттан бери кайрылдуулук менен алектенип келебиз. Тактап айтканда биз көбүнесе социалдык долбоорлор менен алектенебиз. Ал иш өзүбүздү жарнамалоо үчүн жасалбаганын белгилеп кетүү керек. Мен аны өлкөгө, мекениме, колдоого муктаж адамдарга жардам берүү үчүн жасайм. Эгер COVID-19га каршы күрөштө биз көрсөткөн жардам тууралуу айтсак, эпидемия башталгандан бери биздин уюм өлкөгө жана жарандарга 50 млн сомдон ашык каражатка жардам берди. Анын ичинде ар кандай медициналык жабдыктар, дары-дармектер, даректүү гуманитардык жардам, бир жолку жардам жана башкалар бар", - дейт ал.

Учурдагы кырдаалдан чыгуу жана алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу айтып жатып ал кризистен кача албай турганыбызды белгилеп, кырдаалдан чыгуу үчүн бийлик каражат тартып келип, аны элге таратышы керектигин билдирди.

"Элде каржы кризиси болуп жатат. Тобокелчилик топторуна бөлүп элге бир жолку каржы жардамын көрсөтүү керек. АКШда жана башка мамлекеттерде ушундай кылышты. Биз да өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша ошондой кылышыбыз керек", - дейт ал.

Ал шайлоо жана ага катышуу тууралуу айтып жатып шайлоого катышпай тургандыгын жана саясий максаттары жок экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий