• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.03.18. /Роман Гайнанов - Кабар/. Бишкектеги борбордук “Алат-Тоо” аянтында жазгы Нооруз майрамына арналган концерттик программа өтүүдө.

Ошондой эле жалпыга арналган оюн-зооктор уюштурулуп, Эски аянтта баскетбол, аркан тартыш, чүкө жана башка улуттук спорт түрлөрү боюнча спорттук мелдештер өттү.

Ушул сыяктуу майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык облустарында өтөт.

Бул күн байыркы мезгилден бери белгиленип жүргөнүнө карабастан Кыргызстанда Нооруз КР мыйзамы тарабынан 1991-жылы 5-февралда расмий түрдө белгиленген.

Нооруз майрамы («Жаз майрамы», «Навруз байрами», «Наурыз мейрамы») Чыгыш жана Борбор Азия жашоочулары арасында 21-март жазгы күн менен түн теңелгенде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий