• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

БАЭнын президенти жана Омандын Султаны Кыргызстан элин жана Жапаровду куттукташты

Президент 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заид Аль Нахайян жана Оман Султаны Хайсам бин Тарик Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты, - деп кабарлайт президенттин басма сөз кызматы.

Халифа Бин Заид Аль Нахайянын куттуктоосу: «Сиздерди ыйык Аль-Фитр Иъйд (Орозо Айт) майрамынын кирип келиши менен куттуктап, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди билдирип жатканыма абдан кубанычтамын. Аллах Тааладан бул майрам Сизге бакыт жана чың ден-соолук алып келүүсүн суранам „, — деп айтылат БАЭ президентинин куттуктоосунда.

Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Мухаммед бин Зайед Аль Нахайян дагы президент Садыр Жапаровго Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоосун жолдоду.

Оман Султаны Хайсам бин Тарик: «Сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдоо биз үчүн чоң кубаныч. Сизге бакыт-таалай жана бакубатчылык тилеп, ал эми Кыргызстан элинин мындан аркы өнүгүп-өсүүсүн каалайбыз. Ушундай жагымдуу майрамда Аллах Тааладан мусулман үммөттөрүнө ырайым жана жакшылыктарды сурайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий