• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Байсалов Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусунун бир топ социалдык мекемелеринен кабар алып, жетишкендиктери, учурдагы абалы жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Байсалов төмөнкү мекемелерди кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди:

- Ош облустук онкология борборундагы көйгөйлүү маселелерди;

- Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү китепкана менен маданият үйүнүн калкты маданий жактан тейлөөдөгү аракеттерин;

- Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Х.Тажиматов орто мектебинин ата-энелер, коомчулук менен иштөөдөгү аракеттерин;

- Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагындагы Т.Асранов атындагы орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшүн;

- Куршаб жалпы дарыгердик практикалык борборунун калктын саламаттыгын чыңдоодогу аракеттерин;

- А.Таңгатаров атындагы мектеп-интернат гимназиясындагы окуучулардын ийримдерге катышуусу, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктары, мектептин санариптештирүнүн ж.б. процесстердин жүрүшүн;

- “Өзгөн” архитектуралык тарыхый музей комплексинин ишмердүүлүгүн жеринде көрүп, жогорудагы социалдык маданий обьектилердеги көйгөйлөр менен таанышып, келип чыккан маселелерди чечүү боюнча максаттуу иш алып баруу, комплекстүү кароо боюнча тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий