• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Коргоо министрлигинин 150дөн ашык жаш жоокери аскердик ант берди

Коом 0

Бишкек, 20.11.22./Кабар/. Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүндө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин аскердик салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстандын 150дөн ашуун жаш жарандары мекенине берилгендик убадасын беришти.

Бир ай бою тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокер күчөтүлгөн программадан өтүштү. Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жанасаптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышты.

Ошондой эле, курал-жарактар менен саптык ыкмаларды көрсөтүшүп, майрамдык концерт уюштурулду.

Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий