• 88.68
  • 95
  • 0.95

Агрардык университетке бактерологиялык коопсуздук боюнча жаңы жабдуу коюлду

Коом 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультети өзүнүн лабораториясын жаңы экинчи деңгээлдеги бактериологиялык коопсуздук боюнча биошкаф менен жаңылады. Бул тууралуу КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, NEOTERIC фирмасынын БМБ - II Ламинар-С-1,5 моделдеги ламинардык шкаф “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоорунун алкагында 13,3 миң АКШ долларына сатылып алынды.

Биошкафта студенттер бактериялык, бөтөнчө микроорганизмге себепкер болгон жугуштуу оорулар менен өзүнчө иштей алышат. Буга чейин КНАУнун лабораториясында куш тумоосун алдын-алуу боюнча бир гана шкаф бар болчу.

“Биошкафтын ичинде сыртка же ичке кирген аба вирусунун бөлүгүн киргизбей турган атайын хепа-фильтр аркылуу тазартылган аймак түзүлгөн”. Студенттер биошкафты предметтерди жана материалдарды сырткы жана туш болгон булганычтардан коргоо үчүн, жаныбарлардын ооруларынын козгогучтары ДНК жана РНКнын бөлүнүп чыккандыгы, реакциялык ПЦР-кошундусун даярдоодо колдонушат, - дейт факультеттин деканы Бекболсун Акназаров. - Мындай жабдууну алуу менен ветеринардык багыт боюнча адистерди даярдоо жакшыртылат.

Пикир

Оставить комментарий